
Жалал-Абад шаарында тоноого шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 9-февралда облустук милициядан билдирди.
Маалыматка караганда, 6-февралда саат 13:30 чамасында Жалал-Абад шаарындагы үйлөрдүн биринин дарбазасынан белгисиз жигит ашып өтүп, 20 жаштагы кызды уруп, анын iPhone 12 Pro үлгүсүндөгү телефонун тартып алган.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 206-беренесине (Тоноо) ылайык кылмыш иши козголгон.
Шектүү катары Ноокен районунун тургуну 1992-жылы туулган М.А. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Анын 2013-жылы Базар-Коргон райондук соту тарабынан "Тоноо" беренеси менен 7 жылга соттолгондугу маалым болду.
Учурда тергөө амалдары уланууда.