Бүгүн, 9-февралда Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев Бишкек шаарындагы №16 китепкананын жаңыланган имаратынын ачылыш аземине катышты.
Парламенттин басма сөз кызматынан билдиргендей, аталган китепкана борбор калаадагы Барпы Алымов атындагы №39 мектеп-гимназиясынын эски корпусунда ачылды. Имаратты оңдоо иштерине Жогорку Кеңештин төрагасынын фондунан каражат бөлүнүп берилген. Жаңыланган китепканада 18 миңден ашык китеп бар.
Эл өкүлү эски имаратты оңдоп түзөө демөөрчүлөрдүн көмөгү менен ишке ашканын белгилеп, китепкана жаштардын интеллектуалдык эс алуу болборуна айланарына ишенерин билдирди.