Муниципалдык мүлктү башкаруу боюнча департаментине "Тазалык" муниципалдык ишканасынан берилген арыздын негизинде Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган атайын техникаларды сатуу боюнча аукцион өткөрүлөт. Бул тууралуу бүгүн, 9-февралда Бишкек мэриясынан билдиришти.
Маалым болгондой, учурда атайын техникаларды сатуу боюнча аукцион өткөрүү датасы аныкталды. Аукцион 20-февралда өтөт.
Ага ылайык, катышууну каалаган жеке жана юридикалык жактар бул техниканы сатып алуу үчүн 16-февралга чейин Чокморов, 246 дарегине арызын калтыруусу зарыл. Ачык аукцион 20-февралда саат 14:00дө болот.
"Арыздар 16-февралга чейин төмөнкү дарек боюнча кабыл алынат: Бишкек шаары, Чокморов көчөсү 246, Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык мүлктү башкаруу боюнча департаменти, муниципалдык менчикти каттоо бөлүмү, 2-бөлмө.
Бардык суроолор боюнча Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык мүлктү башкаруу боюнча департаментине, төмөнкү телефон номерлери аркылуу кайрылууңуздарды суранабыз: 0(312) 45-44-12; 0707 45-19-48",-деп айтылат маалыматта.