Биз социалдык тармакта

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги шашылыш билдирүү таратты

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги алдыда күтүлүп жаткан аба ырайына байланыштуу шашылыш билдирүү таратты.

Маалыматка ылайык, 10-12-февраль күндөрү күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу өлкөнүн тоолуу райондорунда, Бишкек – Ош унаа жолунун 121-138-чакырымдарындагы Төө-Ашуу ашуусу, 198-260-чакырымдарындагы Чычкан капчыгайы, Ала-Бел ашуусунда кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт. Жолдор тайгак болуп муз тоңот.

"Урматтуу айдоочулар, алыс жолго чыгарда дөңгөлөк чынжырчасын, күрөк, дары-дармек топтомун, тамак-аш жана ысык суу алууну унутпаңыз. Кандайдыр бир кырсыкка күбө болсоңуз "112" кызматына чалып, жардам чакырыңыз. Чалуу акысыз жана күнү-түнү кабыл алынат", - деп айтылат билдирүүдө.

Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык сакталышы зарыл экени кошумчаланды.


РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан