Бишкекте адашып жүргөн бала табылып, ата-энесине өткөрүп берилди. Бул тууралуу бүгүн, 10-февралда Ленин РИИБинен билдирди.
Маалыматка ылайык, милицияга М.Г. арыз менен кайрылып, 2016-жылы туулган М.А. аттуу баласы бүгүн болжол менен саат 16:40 чамасында Бейшеналиев жана Токтогул көчөлөрүнүн кесилишинен адашып кеткенин кабарлаган.
Издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, адашып кеткен бала бир сааттын ичинде Ош базарынын аймагынан табылып, ата-энесине өткөрүп берилген.
Өз кезегинде баланын апасы милиция кызматкерлерине ыраазычылыгын билдирген.