Биз социалдык тармакта

Бишкекте 20 маршруттук каттамдын кыймылы өзгөрдү 

Бишкекте 10-февралдан тарта Абдрахманов көчөсүнүн Киев көчөсүнөн Бөкөнбаев көчөсүнө чейинки бөлүгү менен жүргөн 20 кичи автобустук каттамдын кыймылы өзгөртүлдү.

Мэриянын басма сөз кызматынан билдиргендей, кичи автобустардын кыймылын өзгөртүү борбор калаанын көчөлөрүндө жүрүп жаткан маршруттук схемаларды оптималдаштырууга жана тыгындарды жоюуга багытталган.

"Тагыраагы, №295, №257, №252, №246, №243, №225, №208, №202, №201, №199, №172, №164, №163, №150, №136, №130, №121, №118, №117, №101 кичи автобус каттамдарынын кыймылы өзгөртүлдү", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан