Бишкектеги Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун базасында гемодиализ борбору курулат. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдирди.

Маалыматка ылайык, министр Алымкадыр Бейшеналиев Кувейттин “Ас-Сафа” кайрымдуулук фондунун негиздөөчүсү Мухаммад Абдурахман Аль-Шая менен бирге Эне жана баланы коргоо улуттук борборуна барган. Алар борбордун аймагындагы 1995-жылдан бери курулушу бүтпөй турган 11 миң 268 чарчы метр аянттан турган 3 кабаттуу имаратты көрүшкөн.
