Бүгүн, 12-февралга карата Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 8 миллиард 792 миллион куб метрди түздү. Бул тууралуу "Электр станциялары" ААКнын маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, суунун агып келиши секундасына 144 куб метрди түзсө, сууну керектөө секундасына 468 куб метрди түзүүдө.