
Бишкек шаарында алгачкы жолу балдар адабиятына арналган "Кичинекей окурман" фестивалы өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.
Ага ылайык, иш-чара балдарды китеп окууга кызыктыруу, бала менен бирге китеп окуунун маанилүүлүгү жана баланы интеллектуалдык жактан өнүктүрүү максатында уюштурулууда.
"Кичинекей окурмандарды бир аянтчага чогулткан фестиваль 18-февралда Чыңгыз Айтматов проспекти, 1/1 дарегиндеги "Сейтек STEM" мектебинде саат 10:30 башталып, 16:00гө чейин уланат" - деп айтылат билдирүүдө.
Программанын алкагында балдар китептеринин чоң жарманкеси, атайын мастер-класстар, жомок жана кыргыз, англис тилдеринде китеп окуу сааттары өтүп, чыгармачылык зоналары өтүп жаткандагы кошумчаланды. Фестиваль Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги тарабынан жаштарды өнүктүрүү, социалдаштыруу максатында жарыяланган сынактын жыйынтыгы менен ишке ашып жаткан алгачкы долбоор болуп саналат.