Биз социалдык тармакта

Аксы окуясында жабыркагандардын жөлөк пулу көбөйтүлдү

Аксы окуясында жабыркагандардын жөлөк пулу 3 миң 700 сомдон 4 миң 500 сомго көбөйтүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 12-февралда Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги кабарлады.
Маалыматка ылайык, Министрлер кабинетинин токтому менен ушул жылдын 5-февралынан тартып 2002-жылы болгон Аксы окуясында курман болгондордун үй-бүлө мүчөлөрүнө жана жабыр тарткандарга социалдык төлөмдөрдүн өлчөмү көбөйтүлөт.
"Жөлөк пулдун өлчөмү 3 миң 700 сомдон 4 миң 500 сомго жогорулады. Кошумча жөлөк пулдун бул түрүн алуучуларга, 2023-жылдын 1-сентябрынан тартып кайра эсептөө жана төлөө жүргүзүлөт", - деп айтылат маалыматта.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан