Биз социалдык тармакта

"Кар жаайт". 13-февралга карата аба ырайы

Эртең, 13-февралда түнкүсүн жана күндүн биринчи жарымында Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас облусунун айрым жерлеринде, Ош, Жалал-Абаддын тоо этектеринде кар жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет борборунан маалымдады.

Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Чүй облусунун тоолуу райондорунда кар жаайт. Айрым жерлерге туман түшөт.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 0…+5, күндүз +5…+10,

Талас облусунда түнкүсүн -1…-6, күндүз +4…+9,

Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 0…+5, күндүз +11…+16,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -1…-6, күндүз +1…+6,

Нарын облусунда түнкүсүн -11…-16, күндүз -1…-6.

Ал эми Бишкекте түнкүсүн жана күндүн биринчи жарымында жаан, кар жаайт бирок түштөн кийин жаан-чачын күтүлбөйт. Туман түшүшү мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн 0…-2, күндүз +7…+9 градус жылуу болушу күтүлөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан