Биз социалдык тармакта

Бишкекте “Тагай бий” курулуш компаниясына айып салынды

Муниципалдык инспекциянын кызматкерлери күчөтүлгөн режимде иштешип, ишемби күндөрү да рейдге чыгып, "Тагай бий" курулуш компаниясына айып салды. Бул тууралуу бүгүн, 12-февралда Бишкек мэриясынан билдиришти.
Маалым болгондой, Бишкекте 10-февралда аталган инспекция тарабынан "Укук бузулар жөнүндө кодекстин" 177-беренесинин (2-бөлүгү) жана 114-беренесинин негизинде “Тагай бий” курулуш компаниясына 10-февралда “Тагай бий” курулуш компаниясына 23 миң сом жана 13 миң сом айып пул салынган.
Белгилей кетсек, Бишкек шаарынын аймагын көрктөндүрүү эрежелеринин 8.20-пунктуна ылайык курулуш объекттери, курулуш материалдар өнөр жай объектилери унаа дөңгөлөктөрү үчүн тазалоо пункттары менен жабдылышы керек.
Автотранспорт менен топурак жана топурактарды шаар жерлерине ташууга тыюу салынат.
"Рейддик иш-чаралар күн сайын өткөрүлүп турат. Тартипти бузгандарга тиешелүү чаралар көрүлөт. Урматтуу шаардыктар жана ишкерлер! Муниципалдык инспекция коомдук жайларда көрктөндүрүү, тазалык жана тартипти сактоонун зарылдыгын эскертет", - деп эскертишти мекемеден.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан