Биз социалдык тармакта

Бишкектеги "Ош базарынан" 5 жаштагы бала жоголгон. Ал жарым саатка жетпей табылды

Милиция кызматкерлери "Ош базарынан" жоголгон баланы 30 мүнөттө табышты. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы билдирди.

Билдиргендей, 11-февралда "Ош базарынын" аймагындагы милициянын жакынкы бөлүмүнө М.Т. аттуу жаран кайрылган. Ал саат 14:00 чамасында Бейшеналиева менен Киев көчөлөрүнүн кесилишинен 2019-жылы туулган Ш.А. аттуу уулу жоголуп кеткен айтып, издөөгө көмөк көрсөтүүнү суранган.

Аталган факты боюнча Бишкек ШИИББнын МККК полкунун милиция кызматкерлери ыкчам издөө уюштурган. Жыйынтыгында "Ош базарынын" аймагынан 30 мүнөттүн ичинде Ш.А. аман-эсен табылып, ата-энесине тапшырылган.

12.02.24
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан