Бишкек шаарынын Л.Толстой жана Байтик баатыр көчөлөрүнүн кесилишинде поезд бир адамды сүзүп кетти. Бул туурасында Темир жол тейлөө ички иштер бөлүмүнүн кызматкери Жыргал Сыдыгалиев бүгүн, 18-декабрда билдирди.
Маалыматка караганда, бул факты саат 15:30дар чамасында катталган. Учурда поезд сүзүп кеткен адамдын өздүгү такталууда. Ал кырсык болгон жерден каза тапкан.