Биз социалдык тармакта

Бишкекте 34 жаштагы жаран бөйрөгүн бекер алмаштырууга даярдана баштады

Кезектеги бөйрөк алмаштыруу операциясы Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда бюджеттик негизде жасалат. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.
Маалымдалгандай, кечээ, 12-февралда саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев ушул жуманын аягында Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун трансплантология бөлүмүндө бөйрөгүн алмаштыруу операциясы жасала турган бейтаптардан кабар алды.
Ага ылайык, 34 жаштагы бейтапка орган алмаштыруу операциясы жасалат. Оорулуу өнөкөт гломерулонефриттин кесепетинен бөйрөктүн өнөкөт оорусуна каршы программалык гемодиализ алып келген. Ага бейтаптын 32 жаштагы биртууганы донор болот.
"Дарыгерлер министрге билдиришкендей, бейтаптардын абалы туруктуу деп бааланууда. Алар трансплантология бөлүмүнүн дарыгерлеринин көзөмөлүндө болуп, операцияга чейинки тиешелүү даярдыктан өтүшөт", - деп айтылат маалыматта.
Эске салсак, буга чейин 1-февралда Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун трансплантология бөлүмүндө 22 жаштагы бейтапка биринчи акысыз бөйрөк алмаштыруу операциясы жасалган.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан