Биз социалдык тармакта

Жалал-Абадда көп балалуу энелерге сыйлыктар тапшырылды (фото)

Жалал-Абад шаарында көп балалуу болгон 404 эне "Баатыр эне" ордени жана "Эне даӊкы" медалдары менен салтанаттуу түрдө сыйланды. Бул тууралуу президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, өлкө башчысынын жарлыгы менен Жалал-Абад облусунан жети жана андан көп бала төрөгөн жана аларды татыктуу тарбиялаган 280 энеге “Баатыр эне” ордени, ал эми алты бала төрөгөн 124 энеге “Эне даӊкы” медалдары тапшырылды.

"Ошентип былтыркы жылы облус боюнча жалпысынан 404 эне мамлекеттик сыйлыктын ээси болду. Ал эми быйылкы жылга карата бул наамдарга облус боюнча 128 энелердин документтери сунушталды", - деп айтылат билдирүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан