
Бишкекте дүкөндөн акча уурдаган шектүү кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 14-февралда Октябрь РИИБинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 2-февралда Октябрь РИИБге Б.З. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Ал ошол эле күнү "Орто-Сай" базарындагы дүкөндөрдүн бирине белгисиз жаран кирип, 78 миң сомун уурдап кеткенин айткан.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесине (Уурдоо) ылайык кылмыш иши козголгон.
Шектүү катары 2003-жылы туулган У.А. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Учурда анын ушул сыяктуу кылмыштарды жасоого катыштыгы бар экендиги аныкталууда.