Биз социалдык тармакта

Шашылыш билдирүү! Өлкөдө 16-февралдан тарта күн сууктайт

Кыргызстанда 16-февралдан тарта өлкөнүн көпчүлүк аймагында мезгил-мезгили менен жаан, кар жаайт. Жолдор тайгак болуп, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы айрым жерлерде секундасына 17-22 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

17-18-февралда күн кескин сууктап, абанын температурасы:

Чүйдө түнкүсүн -18…-23°, күндүз -7…-12°,

Таласта түнкүсүн -20…-25°, күндүз -8…-13°,

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнкүсүн -5…-10°, күндүз 0…-5°,

Ысык-Көлдө -10…-15°, күндүз -4…-9°,

Нарын аймагында түнкүсүн -16…-21°, күндүз -4…-9° суук болору күтүлүүдө. Ал эми бийик тоолуу райондордо жана Суусамыр өрөөнүндө абанын температурасы түнкүсүн -28…-33° чейин жетет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан