Бул жылы Кыргызстан Кытайга 10 миң тонна жаңгак экспорттойт. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинен билдирет.
"Мындай аракеттер жаңгактын экспорттук потенциалын кеңейтүүгө жана Кыргызстандын продукциясы үчүн жаңы рынокторду издөөгө багытталган", - деп айтылат билдирүүдө.
Маалыматта экспорт ушул жылдын январь айында башталганы айтылат. Кошумчалангандай, жыл башынан бери 500 тонна жаңгак жөнөтүлдү.
Эскерте кетсек, жакында эле Анкарада өткөн кыргыз-түрк өкмөттөр аралык комиссиясынын 11-жыйынында Кыргызстандан Түркияга 400 тонна жаңгак экспорттоо боюнча келишим түзүлгөн.