Биз социалдык тармакта

Таласта аз камсыз болгон 120 үй-бүлөгө бекер көмүр таратылды

Бүгүн, 14-февралда Талас шаарында турмуштук оор кырдаалга кабылган 120 үй-бүлөгө көмүр таратылды. Бул тууралуу калаа мэриясынын маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кайрымдуулук иш-чарасы Түркиянын "Адам укугу жана эркиндиги" гуманитардык фондунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү "Рисала" коомдук фонду тарабынан каржыланды.

Аталган кайрымдуулук иш-чара "Көмүр жардамы" долбоорунун алкагында уюштурулуп, күтүлүп жаткан суук аба ырайына карата 120 үй-бүлөгө 15 каптан көмүр таркатылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан