Мамлекеттик бажы кызматынын Контрабандага каршы күрөшүү боюнча башкы башкармалыгынын кызматкерлери унааны мыйзамсыз алып кирүү фактысын аныкташты. Бул тууралуу бажы кызматынын басма сөз кызматы билдирди.
Текшерүү иш-чараларынын жүрүшүндө, 2007-жылы чыгарылган Cadillac Escalade үлгүсүндөгү унаа аныкталган. Анын ээси Армениянын жасалма мамлекеттик номурларын мыйзамсыз колдонуп, Кыргызстандын аймагында бажы жактан жол-жоболоштурбастан жана бажы төлөмдөрүн төлөбөстөн жүргөн.
Мындан улам мамлекеттик бюджетке келтирилген зыяндын суммасы 2 миллион 965 миң сомду түздү.
Факт катталып, чогултулган материалдар процессуалдык чечим кабыл алуу үчүн Башкы прокуратурга өткөрүлүп берилди.