Биз социалдык тармакта

Жогорку Кеңеште жаңы депутат ант берди (видео)

Бүгүн, 15-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында Саидбек Зулпуев ант берди.

Кечээ, 14-февралда Жогорку Кеңештин "Ата Журт - Кыргызстан" фракциясынын депутаты Абдыбахаб Боронбаев мандатынан ажыратылып, ордуна Саидбек Зулпуев депутат болуп келди.

Боронбаев өзү БШКга ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу тууралуу арыз жазганы маалым болду. Мындан улам бош калган орунду “Ата Журт - Кыргызстан” фракциясынын кийинки тизмесинде турган талапкер алмак.

Саидбек Зулпуев 1968-жылы 11-июнда Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Көк-Жар айылында жарык дүйнөгө келген. Ал мурда каржы министирлигинде иштеп, министрдин орун басары кызматына чейин жеткен. 2018-жылы банктарды жоюу агенттигинин жетекчиси да болгон.

Жогорку Кеңеште Саидбек Зулпуев ант берди
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан