Биз социалдык тармакта

"Кудайдан коркпойт экен". Депутат мектептерде акча чогултуу уланып жатканын айтты

Бүгүн, 15-февралдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Балбак Түлөбаев мектептерде акча чогултуу токтобой жатканын айтты.

Депутат муну токтотуш үчүн акча чогулткандардын бир-экөөнү камаш керек экенин айтты.

"Мектептерде акча чогултуу дагы деле уланып жатат. Булар Кудайдан дагы коркпойт экен, Садыр Нургожоевичтен дагы, Камчыбек Кыдыршаевичтен дагы коркпойт экен. Муну кандай токтотобуз билбейбиз. Көнгөн адат дагы деле уланып жатат. Ушулардын бир-экөөнү кармап токтотпосок, токтобой калды окшойт. Дагы деле арызданып жатышат", - деди Түлөбаев.

Балбак Түлөбаев мектептерде акча чогултуу уланып жатканын айтты
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан