Биз социалдык тармакта

Төрөбаев дыйкандарга картошканын ордуна кант кызылчасын айдоону сунуштады

Бүгүн, 15-февралда Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары, Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүүчү өнөр жай министри Бакыт Төрөбаев маалымат жыйын өткөрдү.

Анда министр быйыл дыйкандарга картошка аянттарын азайтууну сунуштап, анын ордуна көп пайда алып келе турган эгиндерди айдоого үндөдү.

"Биз картошка айдаган дыйкандар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, ордуна кант кызылчасын айдоону сунуштап жатабыз. Дыйкандарга кирешеси көп эгиндерди, алсак, кант кызылчасын, малина жана башка эгиндерди айдагыла деп жатабыз", - деди ал.

Ошондой эле Төрөбаев экспортко чыгыш үчүн дыйкандарды көлөмдөн мурун сапатка көңүл бурууга чакырды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан