Биз социалдык тармакта

Бишкекте жаңы салынган аялдамага коюлган сыналгыны уурдап кетишти

Бишкек шаарында жаңы форматтагы аялдамадан мүлк уурдалды. Бул тууралуу бүгүн, 15-февралда Бишкек мэриясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Чыңгыз Айтматов проспектиси менен Ахунбаев көчөсүнүн кесилишинде жайгашкан аялдамадан белгисиз адамдар эшикти сындырып, сыналгыны уурдап кетишкен.
Учурда бул маселе укук коргоо органдарынын көзөмөлүндө.
Бишкек шаарынын мэриясы шаар тургундарын жана конокторун мыйзамды бузбоого жана башка адамдардын мүлкүнө аяр мамиле кылууга чакырып кетти.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан