Ош - Раззаков унаа жолунун жээгинде 89 мыйзамсыз курулуш аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 15-февралда Мамлекеттик курулуш агенттигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, Кадамжайда жайгашкан Үч-Коргон айыл аймагы аркылуу өткөн Ош-Раззаков унаа жолунун коргоо аймагына чыгып, 89 мыйзамсыз курулган объекттер аныкталган. Шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгы, айыл өкмөт кызматкерлери тарабынан курулуш объекттердин ээлерине тиешелүү эскертүүлөр берилген.
"Учурда 15ке жакын мыйзамсыз курулуштар жарандардын өз эсебинен бузулуп, жер тилкелери кайрадан калыбына келтирилүүдө. Мындай иш-аракеттер Шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгы тарабынан райондун башка аймактарында дагы уланууда", - деп айтылат маалыматта.