
Эртең, 16-февралдан тартып "ЭКО жүргүнчүлөрдү ташуу" жоопкерчилиги чектелген коому тейлеген №8 автобус каттамынын схемасы жарым- жартылай өзгөрөт. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясы кабарлады.
Маалым болгондой, мындай чечим ведомстволор аралык комиссиянын жыйынында кабыл алынган.
"№8 автобус Орок айылынан Алтын-Ордо конушуна чейин каттайт. Каттамдын узундугу 49 километр автобустардын аралыгы 10-12 мүнөт. Бул линияга 15 автобус чыгат", - деп айтылат маалыматта.