Бильярдчы Каныбек Сагынбаев “St.-Petersburg Open-2013” мелдешинде 2 жеңиш камсыздады

Кечээ, 18-декабрда Орусиянын Санкт-Петербург шаарында бильярд боюнча старт алган “St.-Petersburg Open-2013” Эл аралык мелдешинде кыргызстандык Каныбек Сагынбаев 2 жеңиш камсыздады. Бул тууралуу мелдештин расмий сайты билдирет.

Маалыматка ылайык, Сагынбаев алгач орусиялык Евгений Назаренкону 6:3 эсебинде утту. Мелдештин экинчи айлампасында Каныбек казакстандык Нуркен Суйкембаевди утуп (6:2), кийинки айлампага жолдомо алды.

Дагы бир кыргызстандык бильярдчы Камолиддин Есиддинов мелдештин биринчи айлампасында казакстандык Нуркен Суйкембаевге утулса (5:6), кийинки беттешинде Евгений Назаренкого утулуп (4:5), мелдештен чыгып калды.

Эске салсак, мелдешке 64 кий чебери катышууда. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан