Бүгүн, 16-февралда ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетов Чүй ОИИББдин айылдык милиция бөлүмчөлөрүнө “ВАЗ-НИВА-21214” үлгүсүндөгү жаңы 20 кызматтык унааны тапшырды.
ИИМден билдиргендей, жаңы кызматтык унаалар Кемин, Чүй, Ысык-Ата, Аламүдүн, Сокулук, Москва, Жайыл, Панфилов райондук жана Токмок шаардык ички иштер бөлүмдөрүнүн милициянын айылдык бөлүмчөлөрүнө жана Чүй ОИИББдин Коомдук коопсуздук кызматына өткөрүлүп берилди.