Бишкек шаарынын мэриясы жылуулук же ысык суу токтоп калса кайда кайрылуу керектигин маалымдады.
Ага ылайык, борбор калааны жылуулук менен эки мекеме камсыздайт: “Бишкек жылуулук энерго” коммуналдык ишканасы жана “Электр станциялар” ААКнын филиалы – “Бишкек жылуулук тармагы”.
Абанын температурасынын төмөндөшүнө байланыштуу мекемелер күчөтүлгөн иштөө режимине өттү. Нөөмөттүн графиги түзүлүп, кошумча ыкчам кызматтар уюштурулду.
"Урматтуу борбор калаанын тургундары жана коноктору! “Электр станциялар” ААКнын – “Бишкекжылуулуктармагы” жылуулук менен камсыздоо боюнча бардык суроолор боюнча керектөөчүлөрдү колдоо борборуна кайрылсаңыздар болот: (0312) 61-11-69, 1980, 0557 611 166, 0777 611 166, 0701 611 166; Диспетчердик кызмат: (0312)56-85-58;
Борбордук райондун Үй ичиндеги системалар боюнча кезметчи инженерлери (0312) 36-57-19, 30-07-67;
Түштүк райондун Үй ичиндеги системалар боюнча кезметчи инженерлери: 51-06-22, 21-74-06.
"Бишкекжылуулуктармактар" коммуналдык ишканасы тейлеген абоненттер үчүн ишеним телефонунун номерлери:
- Саат 8:00дөн 17:00гө чейин диспетчердик кызмат: (0312) 21-28-44;
- 24 сааттык жөнөтүү: (0312) 21-29-06; ошондой эле мекеменин WhatsApp номери боюнча: 0701 777 110", - деп айтылат билдирүүдө.