Биз социалдык тармакта

Ала-Бука-Жаңы-Базар-Кировка унаа жолу жабылды

Ала-Бука-Жаңы-Базар-Кировка унаа жолуна кар көчкү түшкөндүгүнө байланыштуу жабылды. Бул тууралуу "Кыргыз авто жол" ишканасынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, бүгүн, 16-февралда эртең менен саат 11:30 чамасында Ала-Бука-Жаңы-Базар-Кировка унаа жолунун 101-102 чакырым бөлүгүнө кар көчкү түшкөн. Учурда №27 Жол тейлөө ишканасы тарабынан тазаланып жатат. Көчкүнүн көлөмү 2350 метр кубду түзөт. Ага байланыштуу каттам убактылуу токтотулду.
Белгилей кетсек, бүгүн, 16-февралда эртең менен саат 9:30дан баштап аба ырайынын шарттарына байланыштуу, жолду көчкүдөн жана кардан тазалоо жумуштарын аткаруу үчүн Ала-Бука-Жаңы-Базар-Кировка унаа жолунун 38-101 чакырым аралыгындагы Чапчыма ашуусу жана Красная-Горка-Ак-Таш унаа жолунун 0-4 чакырым аралыгы убактылуу жабылган.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан