Футболчу Эмил Кенжисариевдин ден соолугу акырындык менен калыбына келүүдө

2013-жылы 11-августта белгисиз бирөөлөрдүн токмогуна кабылып, оор абалда ооруканага түшкөн футболчу Эмил Кенжесариевдин ден соолугу акырындык менен калыбына келүүдө. Бул тууралуу жакында футболчунун жакын досу, алматылык “Кайрат” футболдук клубунун капитаны Самат Смаков казакстандык телеканалдардын бирине берген маегинде билдирди.

“Эмил Израилде дарыланууда. Эмилге операция жасаган дарыгерлер анын толук калыпка келүүсүнө кем дегенде 1 жыл керектигин айтышкан. Бул анын организминен көз каранды. Футболчу логопед жана психолог менен иштешип, андан тышкары акырындык менен машыгуу залына барып, чуркап жана сууда сүзүп жатат. Бул үчүн дарыгерлер уруксат беришкен”,- деп билдирди Самат Смаков.

Эске салсак, кыргыз футболунун чыгаан уулу Эмил Кенжесариев 2013-жылы 11-августка караган түнү Алматы шаарында белгисиз бирөөнүн соккусуна кабылып, оор абалда ооруканага түшкөн. Футболчуну сабаган деп шектелип 20 жаштагы Бейбит Узакбай аттуу жаран кармалган. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
fanatkg
2013-12-20 14:44:49
Ал эч кандай КЫРГЫЗ футболунун чыгааны эмес. Кыргызстан үчүн ойнобойтко ал...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан