Биз социалдык тармакта

"Баткен электр тармагы" күчөтүлгөн режимде иштөөгө өттү

Баткенде энергетиктер күчөтүлгөн режимде иштөөгө өттү. Бул тууралуу "Баткен электр тармагы" ишканасынан билдиришти.
Маалым болгондой, бүгүн, 16-февралдан 19-февралга чейинки аралыкта аба ырайынын кескин өзгөрүүсүнө байланыштуу "Кыргызстан улуттук электр тармагы" ААКтын филиалы - Баткен электр тармактар ишканасынын бардык райондук электр тармактар ишканалары күчөтүлгөн режимде иштөөгө өттү.
Ага ылайык, атайын кезметчилик графиги түзүлүп, кошумча ыкчам кызматтар уюштурулган.
"Электр энергиясы боюнча суроолоруңуз болсо керектөөчүлөрдү колдоо борборуна кайрылыңыз:
Кызыл-Кыя РЭТи: 03657 6-06-51, 03657 5-02-52
Кадамжай РЭТи: 03657 5-02-67
Баткен РЭТи: 03622 5-06-12, 106 кыска номери.
Лейлек РЭТи: 03656 5-02-85
Сүлүктү РЭТи: 03653 5-01-47, 0772 46-04-01", - деп билдиришти мекемеден.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан