Биз социалдык тармакта

Каракол — Эңылчек унаа жолу убактылуу жабылды

Каракол — Эңылчек унаа жолу кар көчкү түшүп, убактылуу жабылды. Бул тууралуу бүгүн, 17-февралда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Кабарлангандай, 17-февралга караган түнү Каракол — Эңилчек унаа жолунун 46-километринде кар көчкү түшкөндүгүнө байланыштуу, өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу, адамдардын өмүрүн сактоо максатында унаа жол 18-февральга чейин убактылуу жабылды.

Жеринде жолду тазалоо максатында жол тейлөө кызматынын атайы техникасы тартылды. Кар көчкүнүн көлөмү такталууда.

Ал эми ӨКМдин кызматкерлери жана атайы техникасы күчөтүлгөн тартипте нөөмөттө даяр турушат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан