Биз социалдык тармакта

"Суу камдап алыңыз!". Бишкекте 20-февралда айрым конуштарда суу болбойт

Бишкек шаарынын айрым конуштарында 20-февралда таза суу болбойт. Бул тууралуу калаа мэриясынын маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматта турак үйлөрдө, мектептерде, балдардын мектепке чейинки уюмдарында, саламаттык сактоо объекттеринде жана башка социалдык-тиричилик багыттагы жана өнөр-жай объекттеринде ичүүчү сууну берүү токтотула турганы айтылат.

Өчүрүү району:
• Мурас-Ордо турак жай конушу саат 9.00дөн 15:00гө чейин;
• Калыс- Ордо турак жай конушу саат 9.00дөн 15:00гө чейин.

Ичүүчү сууну өчүрүү Мурас-Ордо, Калыс-Ордо суутоптомолорунда жана шаардык суу түтүк тармактарына оңдоо иштерин жүргүзүүгө байланыштуу.

«Бишкексууканал» өндүрүштүк-эксплуатациялык башкармалыгы жаратылган ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана калкты, уюмдарды ичүүчү сууну эртелеп камдап алышыңарды суранат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан