Биз социалдык тармакта

Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын дагы 1,11 чакырымы макулдашылды

Жетишилген макулдашууга ылайык, 11-февралдан 18-февралга чейин Тажикстандын Согди облусунун Бустон шаарында кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегацияларынын укуктук маселелер жана топографиялык жумушчу топторунун кезектеги жыйыны болуп өттү. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришти.

Кабарлангандай, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар чечиле элек аймактарда биргелешкен изилдөө иштерин жүргүзүп, кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын 1,11 чакырымы боюнча макулдашты.

Тараптар Кыргызстандын аймагында өтө турган кийинки жолугушууда калган аймактар боюнча ишти улантат.

Жолугушуунун жыйынтыгында тиешелүү протоколго кол коюлду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан