22-декабрда Бишкектеги “Перфект” клубунда классикалык пауэрлифтинг боюнча өлкөнүн биринчи чемпиондугу өтөт. Бул тууралуу аталган спорт түрү боюнча федерациядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, чемпиондук жарыш бир нече салмактык бөлүктө жана жаш өзгөчөлүктөрүнө жараша өткөрүлөт. Мелдешке саат 10:00дө старт берилет.