
Бишкекте жаштар жана чоңдор арасында бильярддын эркин жана динамикалык пирамида түрү боюнча Дүйнө чемпиондугу өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.
Маалыматка караганда, 22-25-февраль күндөрү жаштар арасында "Эркин пирамида" түрү боюнча мелдештер өткөрүлөт. Ал эми чоңдор арасында "Аралаш пирамида" түрү боюнча мелдештер 27-февралда башталып, 2-мартка чейин уланат.
Турнирге дүйнөнүн 20га жакын өлкөсүнөн 200дөн ашык спортчу катышат.