Президенттик аппараттын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков Алайкуудагы калың карга карабай ишин уланткан электриктердин видеосун социалдык баракчасына бөлүштү.
"Алайкууга кар калың түшөт, аны айылда экиге бөлүп ченейт. Тизеден же көкүрөктөн жаады деп айтышат. Декабрь айында 1,3 метр кар түштү эле, учурда дагы атты көмө жааган видеолорду жиберип жатышат. Төмөнкү видеодо электрик акелер үзүлгөн электр линияларын оңдоп, эрдик кылып жүрүшөт", - деп билдирүү калтырган ал.