Биз социалдык тармакта

Бишкек мэриясы: "Апрелдин аягында борбордогу гүлзарларга 1 миллион 600 миң гүл отургузулат"

«Бишкекжашылкурулуш» муниципалдык ишканасынын күнөсканаларында жазгы гүл отургузуу иштерине активдүү даярдык башталды. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясы билдирди.

Учурда аталган ишкананын күнөсканаларында жаш көчөттөрдү жаңы топурак аралашмасы толтурулган чоңураак идишке көчүрүү иштери жүрүп жатат, бул процесс гүл үчүн оор болбошу үчүн көчөттөр өсүүнүн алгачкы стадиясында жыйналып алынат.

Ушул жылдын февраль айында ишкананын эки күнөсканасына бир жылдык гүлдөрдүн 20дан ашык түрүнүн үрөнү себилген. Апрель айынын аягында шаардын гүлзарлары 1 миллион 600 миң бир жылдык гүлдөр менен кооздолот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан