Биз социалдык тармакта

Бишкекте коомдук транспорттор күнү-түнү текшерилүүдө

Бишкекте коомдук транспорттун иштөөсүн көзөмөлдөө максатында күн сайын рейддер өткөрүлүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 19-февралда Бишкек мэриясынан билдиришти.
Маалым болгондой, рейддик иш-чараларга "Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорт ишканасы", "Бишкек троллейбус башкармалыгы" жана "Жүргүнчүлөрдү ташуу башкармалыгы" муниципалдык ишканалары катышууда.
Ага ылайык, коомдук тартипти камсыздоого милициянын патрулдук кызматы да тартылган.
Белгилей кетсек, аялдамаларда туура токтоо, унаалардын техникалык абалы, GPS-трекерлердин иштеши, санитардык нормалардын сакталышына жана накталай акча менен төлөөнүн тартибине өзгөчө көңүл бурулат. Мыйзам бузуулар аныкталган учурда протоколдор түзүлүп, айдоочуга эскертүүлөр берилет.
Ал эми күн сайын өткөрүлүүчү рейддер коомдук транспорттордогу тейлөөнүн сапатын жогорулатууга багытталган.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан