
Кара-Сууда чет элдик жарандан опузалап акча талап кылганга шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 19-февралда Ички иштер министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, 12-февралда Ош ОИИБге Кытай жараны 1969-жылы туулган Л.Ч. арыз менен кайрылган. Ал Азам аттуу жаран 58 миң доллар берүүсүн талап кылып жатканын айткан.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренесине (Опузалап талап кылуу) ылайык кылмыш иши козголгон.
Шектүү катары 17-февралда талап кылган акчаны алып жаткан жеринен Кара-Суу районунун 1971-жылы туулган К.А. аттуу тургуну кармалып, камакка алынган.
Учурда тергөө амалдары уланууда.