Биз социалдык тармакта

Бишкекте тамеки чегүүгө карата текшерүү иштери жүрүүдө

Бишкек шаарында акимчиликтер райондук ички иштер бөлүмүнүн жана Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун кызматкерлери менен биргеликте тамеки чегүү боюнча рейд өткөрүшүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 19-февралда Бишкек мэриясынан билдиришти.
Ага ылайык, "Кыргыз жарандарынын ден соолугун тамекини, никотинди керектөөнүн кесепеттеринен жана айланадагы тамеки түтүнүнүн жана аэрозолдун таасиринен коргоо жөнүндө" мыйзамдын талаптарын бузуу фактылары аныкталган оюн-зоок мекемелеринде администрация жана келгендер тарабынан бузуулар катталды.
"Биринчи Май району боюнча жүргүзүлгөн текшерүүдө 2 протокол түзүлүп, 26 миң сом айып салынган. Октябр району боюнча 3 протокол түзүлүп, 39 миң сом айып салынган. Свердлов району боюнча 8 мыйзам бузуу протоколу түзүлүп, жалпы суммасы 104 миң сомду түзгөн. Ленин району боюнча 1 протокол түзүлүп, 13 миң сом айып салынган", -деп айтылат маалыматта.
Укук бузуулар жөнүндө кодекстин 83 жана 84-беренелерине ылайык, укук коргоо органдарынын кызматкерлери жеке адамдын жоопкерчилигин эскертет башкача айтканда тамеки чеккен жаранга айып салынат.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан