Биз социалдык тармакта

Эмгек министрлиги "Балдар үчүн Юстиция" жана башка багыттар боюнча онлайн форматта окутууну киргизди

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги ар түрдүү тематика боюнча аймактык башкармалыктардын кызматкерлери үчүн окуу процессин уюштуруу жана видеоконференцияларды өткөрүү үчүн, онлайн платформасын (системаны) иштеп чыгып, ишке ашырууда. Бул тууралуу бүгүн, 19-февралда аталган министрликтен билдиришти.

Ага ылайык, онлайн курстар Кыргызстандагы социалдык системага керектүү кызматкерлерди окутууга багытталган.
Курс ар кандай окуу элементтерин камтыган төрт модулдан турат:
- мыйзамдар боюнча видеоролик;
- мыйзамдар боюнча презентация;
- практикалык көнүгүү;
- тест.
"Курс ошондой эле жалпы элементтерди камтыйт. Бардык модулдарды аяктагандан кийин курсту өтүү боюнча кызматкерлер электрондук түрдө серитификат алышат", - деп айтылат маалыматта.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан