Биз социалдык тармакта

Каракол-Эңилчек унаа жолу убактылуу жабылды

Каракол-Эңилчек унаа жолу 20-февралга чейин убактылуу жабылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлады.

Маалыматка ылайык, 16-18-февраль аралыгында жааган калың кардан улам Каракол-Эңилчек унаа жолунун 82-112-чакырымдарына кар көчкү түшкөн.

"Учурда катуу бороон болуп, көрүү аралыгы начар болгондугуна байланыштуу кар көчкүлөрдү тазалоо иштери убактылуу токтотулду. Кошумча маалымат берилет", - деп айтылат билдирүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан