
Бишкекте уурулукка шектүү кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 20-февралда Ленин РИИБинин баса сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, былтыр 28-январда милицияга Р.Т. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Ал ошол күнү саат 06:40 чамасында белгисиз адам Ч.Айтматов проспектисинде жайгашкан интернет клубдун ичинен 14 миң сомдук Haynes үлгүсүндөгү наушникти уурдап кеткенин айткан.
Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесине (Уурдоо) ылайык кылмыш иши козголгон.
Шектүү катары 1986-жылы туулган Ж.Э. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Тергөөнүн жүрүшүндө шектүү мурда уурдалган наушникти өз ыктыяры менен кайтарып берген.
Учурда тергөө иштери уланууда.