Биз социалдык тармакта

Кыргызстандын окуучулары информатика боюнча Эл аралык олимпиадада алты медалга ээ болушту 

10-12-февралда Румынияда өткөн VIII Эл аралык Info (1) Cup олимпиадасында Кыргызстандын 6 окуучу 3 күмүш жана 3 коло медаль жеңип алды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.
- Алихан Айдарбеков Нарын шаарындагы М.Субакожоев атындагы лицейинин 10-классынын окуучусу — күмүш медаль;
- Ян Бобрус Бишкектеги "Газпром Кыргызстан" мектебинин 8-классынын окуучусу — күмүш медаль;
- Абдулазиз Лебиев Бишкек шаарындагы Чыңгыз Айтматов лицейинин 10-классынын окуучусу — күмүш медаль;
- Айпери Акжолтоева Зияш Бектенов атындагы Ысык-Көл кыздар лицейинин 10-классынын окуучусу – коло медаль.
- Абдуллахан Абдирасулов Ош “Сема” лицейинин, 8-классынын окуучуcу – коло медаль;
- Байыш Минбаев Ош “Сема” лицейинин, 9-классынын окуучуcу – коло медаль;
Команданын лидерлери:
- Кылычбек Урайымов Сапат олимпиада борборунун информатика олимпиада боюнча тренери;
- Медербек Осмонов "Газпром Кыргызстан" мектебинин информатика олимпиада боюнча тренери;
- Нургул Бактыбекова Зияш Бектенов атындагы Ысык-Көл кыздар лицейинин информатика мугалими;
- Анварбек Хайдаров Ош “Сема” лицейинин информатика мугалими.
Ага ылайык, олимпиадага Кыргызстан, Армения, Азербайжан, Бельгия, Болгария, Египет, Грузия, Венгрия, Казакстан, Молдова, Румыния, Сирия, Украинадан жалпы 135 окуучу катышты.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан