Биз социалдык тармакта

"Чара көрүш керек". Тазабек Икрамов Бишкектеги айдоочуларды сынга алды

Бүгүн, 20-февралда Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынын депутат Тазабек Икрамов айрым айдоочулардын жасаган жоруктарына нааразычылыгын айтты.

"Бүгүнкү күндө анча-мынча адамдар бар. Катуу тийсе кечирим сурайм "малдан" айырмасы жок болуп калды да. Унаа менен Бишкектин ортосунда бара жатып, эшигин ачып жерге балчайта түкүрүп жатышат. Тамеки чегип баратып, аны ыргытып жатышат. Керек болсо айнегин ачып, таштанды ыргытып жатат. Бул маселе боюнча дагы чара көрүш керек. Аларды сүрөткө тарткан адамдарга сый акы бересиңерби? Же кандайдыр бир кызыктыруулар болобу? Ушул маселени карашыбыз керек", - деди ал.

Ошондой эле Икрамов унаа менен жарышкандарга дагы чара көрүлүшү керектигин айтты.

"Мына жаз келе жатат. Түнкү саат 2-3төрдө унаасына кошумча глушителин коюп, "аңгыратып" айдашат. Бала уктатып жаткандар бар, карылар бар. Уйкуну бузуп, жаз келгенде башташат. Ушул маселени дагы чечиш керек. Аларды кармап, унаасын айып короого токтотосуңарбы? Муну жазып алыңыздар, эң көйгөйлүү маселе да. Шаар ичинде мындай маселе болбошу керек. Шаардын сыртына барып, каалаганча глушители тешилип калганча бакыртып айдай беришсин", - дейт Икрамов Ички иштер министрлигинин өкүдөрүнө кайрылып.

Жогорку Кеңеш 20.02.24
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Uri24
2024-02-20 13:48:00
Азыр уурулук, тоноочулук, киши олтуруу сыяктуу кылмыштын бетин ачууга жардам берген жонокой жарандарга да сый акы бериш керек. Ошондо кылмыш азаят. Мыйзам кабыл алуу керек.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан