Бишкек шаарында “Тазалык” муниципалдык ишканасынын кызматкерлери көчөлөрдү кардан тазалоо иштерин улантышууда. Бул тууралуу бүгүн, 20-февралда Бишкек мэриясынан билдиришти.
Маалым болгондой, линияда 31 атайын техника, анын ичинде 16 "МАЗ" үлгүсүндөгү кар тазалоочу машина, 1 алдыңкы жүктөгүч, 8 "Беларусь" трактору щетка жана күрөктөрү менен , 4 универсалдуу "УКМ-2500" унаасы, ошондой эле 2 жаңы "Bobcat" кар тазалоочу атайын техника бар.
Ошондой эле 42 тоннадан ашык техникалык туз сарпталды.
Ага ылайык, карды тазалоого ишкананын 12 кызматкери тартылды. Тазалыкчылар тротуарларды, аялдамалардын кириш бөлүктөрүн тазалап жатышат.