Биз социалдык тармакта

Кар жаайт. 21-февралга карата аба ырайы

Эртең, 21-февралда түнкүсүн Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Жалал-Абад облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Ош облусунун тоолуу райондорунда кар жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет борборунан билдирди.

Маалымдалгандай, күндүн биринчи жарымында Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Кээ бир жерлерге туман түшөт, жолдор тайгалак болот.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн -8…-13, күндүз 0…-5,

Талас өрөөнүндө түнкүсүн -12…-17, күндүз -2…-7,

Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн -5…-10, күндүз -3…+2,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -4…-9, күндүз -3…+2,

Нарын облусунда түнкүсүн -13…-18, күндүз -4…-9.

Ал эми Бишкек шаарында түнкүсүн кар жаайт, күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы -9…-11, күндүз 0…-2 градус суук болот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан